Көз менен карап азгырган, 
Көңүлдү дайым жаз кылган. 
Кызыктар кылат өзгөчө, 
Кылгыра тиктеп алдыртан. 
Тайманбай жашап турмуштан, 
Талашып көктү жылдыздан. 
Суйкайып таңдай чыгышта, 
Сулуулар чыгат кыргыздан. 
Кайырма: 2х
Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай, 
Биздин кыргыз элдин кыздары, ай. 
Сагынтар мени саргайтып, 
Сапарга кетсем алыстап. 
Жүзүңдү турар нур чайып, 
Жүрөктөр кокус табышса. 
Ала-Тоо башын кар чалып, 
Жатса да күтүп алыстан. 
Кыйындык башка түшкөндө, 
Кыздары чыкса намыска.
Кайырма: 4х