Ойдо жок жерден оргуштап чыкты,
Ойлобой элим муң-зарды укту.
Он алтынчы жылдагы үркүн,
Оодарып элди кайгыга жыкты.
Арга жок элим Кытайга качты,
Асыраш үчүн алтындай башты.
Жамгырдай жааган көзүнүн жашын,
Аргасыз элим кум-чөлгө чачты.
Кеткени кетти, Кытайга жетти,
Кете албай калган кээ бирөө кантти?
Кейиштүү күндөн түңүлүп акыр,
Коштошуп бирөө о дүйнө кетти.
Жолдо нечен жан сууга агып өлдү,
Жоголгондорго ким көңүл бөлдү?
Жегенге нан жок же талканы жок,
Жокчулуктан канча жан өлдү.
Санааны кечип канча таң атты,
Сапарда жүрүп канча күн батты.
Кыргызым, мынча кыйналып кеттиң,
Суу таппай кээде таңдайың катты.
Азапты кечип нечен таң атты,
Арманга толо нечен күн батты.
Баласын алып калктан ажырап,
Кансырап эне талаада жатты.
Жанында бала чыркырап ыйлайт,
Сулк жаткан эне эч нерсе туйбайт.
Жөрмөлөп келип он айлык бала,
Эмсем деп эне боорун тырмалайт.
Ошентип эне о дүйнө кетти,
Он айлык бала не күнгө жетти.
Оонактап ыйлап, боорун тырмалап,
Энесин ээрчип артынан кетти.
Сексенге чыккан абышка өлдү,
Секелек кыздар муң-зарды көрдү.
Сегизге жашы толо элек бала,
Сегизге толбой кордукту көрдү.
Бешикте жаткан наристе өлдү,
Бешиктен чыкпай кордукту көрдү.
Ыңаалап ыйлап жүрөктү эзип,
Бешикте бала ажалды көрдү.
Кытайга жетпей канча жан өлдү,
Кыямат, азап канча жан көрдү.
Кыргызым, бүгүн ойлонолучу,
Кыйла жыл мурда өткөргөн күндү.
Душмандан канча запкыны тарттык,
Дайынсыз кетип, камалып жаттык.
Ойлонуп эми теңдикке келип,
Оодарып баарын чындыкты таптык.
Ойлонуп эми теңдикке келип,
Оодарып баарын чындыкты таптык.